Коронавирус дагы 12 дарыгерге жукту. Эми алардын саны 51 кишиге жетти

Коронавирус дагы 12 дарыгерге жукту. Эми алардын саны 51 кишиге жетти

Өткөн суткада 12 медицина кызматкеринде COVID-19 вирусу тастыкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туру боюнча Республикалык штаб кабарлады.  

Инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны – 51 учур. Жаӊы учурлардын ичинен 8 медкызматкер Бишкек шаарында, 1 – Нарын облусунда, 3 – Ош шаарында.

11-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 41 жаӊы учуру катталды. Ошентип Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы 339 учуру катталды.

  • Жалал-Абад облусунда – 89
  • Ош облусунда – 98
  • Чүй облусунда – 15
  • Баткен облусунда – 4
  • Ош ш. – 36
  • Бишкек ш. – 42
  • Нарын облусунда – 10
  • Ысык-Көл облусунда – 4


Катталган учурлардын ичинен: 176 –аял, 163 – эркек.

Лаборатория менен COVID-19 аныкталган бейтаптар менен байланышкан жактардын саны – 6251:

  • Жакын байланыштар (1-категория) - 1070
  • Башка байланыштар (2-категория) - 5181

Байланышкан жактардын саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн.