Коронавирус дагы 13 кишиден чыкты. Ичинен 2 бейтап медицина кызматкерлери

Коронавирус дагы 13 кишиден чыкты. Ичинен 2 бейтап медицина кызматкерлери

Бүгүн, 28-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

  • Бишкек ш. – 3
  • Чуй облусу – 6
  • Нарын облусу - 2
  • Жалал-Абад облусу - 2


Учурда илдетке чалдыккандардын саны 708 кишиге жетти.

Бир сутка ичинде 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Алардын баары Нарын облусунда. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 185 учур катталды.

Белгилей кетсек, азыркы тапта бейтапканаларда 284 оорулуу дарыланууда. Алардын ичинен реанимацияда 6 киши жатат.

Ошол эле маалда 416 бейтап коронавирустан сакайып, ооруканадан чыгарылса, 8 киши илдеттен көз жумду.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.