Коронавирус дагы 17 адамдан табылды. Илдетке кабылгандар саны 746 кишиге жетти

Коронавирус дагы 17 адамдан табылды. Илдетке кабылгандар саны 746 кишиге жетти

Бүгүн, 30-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

 Бишкек ш. – 3

 Ош ш. - 1

Ош облусу - 2

Жалал-Абад облусу – 1

 Чуй облусу - 9

Нарын облусу - 1

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 746 кишиге жетти.

 

Ал ортодо дагы 25 бейтап бир сутка ичинде илдеттен сакайып, ооруканадан чыгарылды.

 

Бишкек ш. – 8

Ош ш. – 5

Ош облусу - 4

Жалал-Абад облусу - 1

Нарын облусу - 6

Ысык-Көл – 1

 

Жалпысынан республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 462 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.

 

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарында Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да бар.