Коронавирус дагы 22 адамдан аныкталды. Алардын жетөө медицина кызматкери

Коронавирус дагы 22 адамдан аныкталды. Алардын жетөө медицина кызматкери

Бүгүн, 21-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 22 учуру  катталды. Жалпы илдетке кабылгандар 590 кишиге жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

 Бишкек ш. – 8

 Ош облусу – 3

 Ош ш. – 6

Нарын облусу – 5

 

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.