Коронавирус дагы 22 адамдан табылды. Илдетке кабылгандардын жалпы саны 612 кишиге жетти
Бүгүн, 22-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 22 учуру катталды. Жалпы илдетке кабылгандар 612 кишиге жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.
Бишкек ш. – 10
Чүй облусу – 2
Ош ш. – 4
Ош облусу - 1
Жалал-Абад облусу - 4
Нарын облусу – 1
Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.
14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: