Коронавирус дагы 3 адамдан табылды. Баары Бишкек шаарынан

Коронавирус дагы 3 адамдан табылды. Баары Бишкек шаарынан

Бүгүн, 5-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 3 адам катталды. Жалпы -147. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

“Жаңы каталган 3 учур тең Бишкек шаарынан” – дейт  КР Саламаттыкты сактоо министри С.Абдикаримов.

Эске салсак, 2-апрелде илдеттен бир адам каза тапкан. Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.