Коронавирус дагы 38 адамдан табылды. Жалпы саны 377 адамга жетти

Коронавирус дагы 38 адамдан табылды. Жалпы саны 377 адамга жетти

Бүгүн, 12-апрелге  карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 38 адам катталып, жалпы -377 адамга жетти. Азыр коронавирус чыгып жаткандардын бардыгы обсервацияда жаткандар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди. 

"Анализи коронавирус жуктурганын көрсөтүп жаткандар азыр обсервациядагылар. Андыктан жарандарга кам санабагыла деп айтышыбыз керек. Бирок карантиндик коопсуздуктарды дагы деле сакташыбыз керек", — деди Каратаев.


Жаӊы 38 учурдун ичинен 25 аял, 13 эркек.

Анын ичинен:
Бишкек ш. – 5
Чүй облусунда – 3
Ош облусунда – 3
Ош шаарында – 12
Ысык-Көл – 2
Нарын облусунда – 13

 Ошентип Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы 377 учуру катталды.

Жалал-Абад облусунда – 89
 Ош облусунда – 119
 Ош ш. – 54
 Чүй облусунда – 21
 Баткен облусунда – 4
 Бишкек ш. – 59
 Баткен облусунда – 4
 Нарын облусунда – 25
 Ысык-Көл облусунда – 6

Катталган учурлардын ичинен: 201 –аял, 176 – эркек.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.