Коронавирус дагы 42 адамдан табылды. Илдетти жугузуп алгандар 270 адамга жетти

Коронавирус дагы 42 адамдан табылды. Илдетти жугузуп алгандар  270 адамга жетти

Бүгүн, 8-апрелге  карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 42 адам катталды. Жалпы -270 адамга жетти. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти. Алардын ичинен 16 эркек жана 26 аял.

 "Жаӊы катталган 42 учурдун ичинен 13ү медицина кызматкерлери",-деди Саламаттыкты сактоо министри Абдикаримов

Жаӊы катталгандардын ичинен:

Бишкекте – 10

Чүй облусунда – 2

Ош облусунда – 24

Жалал-Абад облусунда – 1

Нарын облусунда – 5