Коронавирус: Дагы 5 медицина кызматкери илдетке чалдыкты

Коронавирус: Дагы 5 медицина кызматкери илдетке чалдыкты

Бүгүн, 9-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясын 5 медицина кызматкери жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

• Бишкек ш. – 1

• Жалал-Абад облусунда – 1

• Нарын облусунда – 3.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 231 учур катталды,  алардын ичинен 166 медицина кызматкери стационарлардан айыгып чыккан.

Ал эми учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 931 кишиге жетти. Республика боюнча  жалпы 658 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 12 адам көз жумган.

23-марттан тартып, 10-майга чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал күчүндө болот. Өлкөнүн калган аймактарында өзгөчө кырдаал калтырылган.