Коронавирус дагы 6 адамдан табылды. Айыккандар көп

Коронавирус дагы 6 адамдан табылды. Айыккандар көп

Бүгүн, 16-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы  6 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

• Бишкек ш. – 3

• Ош ш. - 1

• Ош облусу - 1

• Баткен облусу - 1

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 1117  кишиге жетти. Бир сутка ичинде 38 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

• Бишкек ш. – 31

• Жалал-Абад облусу – 5

•  Нарын облусу - 2

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 783 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.