Коронавирус дагы 71 адамдан табылды. Канча адам айыгып чыкканы да айтылды

Коронавирус дагы 71 адамдан табылды. Канча адам айыгып чыкканы да айтылды

Бүгүн, 9-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 71  учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

•  Бишкек ш. – 2

• Чуй облусу - 56, алардын ичинен 55 Соль-Илецк шаарынан келгендер

• Жалал-Абад облусу - 5

• Ош облусу - 3

• Баткен облусу - 4

• Нарын облусу - 1

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 1002 кишиге жетти. Бир сутка ичинде 17 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

•  Бишкек ш. – 7

• Ош ш. - 5

• Нарын облусу - 4

• Жалал-Абад облусу - 1

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 675 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.