11.03.2020 10:05

Коронавирус: Дастан Бекешев сыртка чыгып келген депутаттарды карантинге жатууга сунуштады

Коронавирус: Дастан Бекешев сыртка чыгып келген депутаттарды карантинге жатууга сунуштады

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттардын чет өлкөгө сапарын токтотуу сунушталды.

Депутат Дастан Бекешев коронавируска байланыштуу эл өкүлдөрүнүн чет мамлекетке болгон иш сапарларын токтотууну сунуштады.

«Башка өлкөнүн депутаттары коронавирусту бири-бирине жугузуп жүрүшөт. Бизде кээ бир депутаттар ошого карабастан иш сапарга чыгып жатышат. Эл өкүлдөрүнө чет мамлекетке болгон иш сапарларына тыюу салуу керек. Кээ бири Германияда жүрүшөт. Жогорку Кеңешке болгон экскурсияны токтоттук, депутаттардын иш сапарын дагы токтотуу зарыл. Келгенде карантинге жатышсын. Ушундай буйрукту чыгарсаңыз. Дүйнөдө көпчүлүк парламент ушундай чечимге келип жатышат», — дейт Дастан Бекешев.