02.03.2020 16:50

Коронавирус: «Diamond Princess» лайнериндеги кыргызстандыктан кошумча анализ алынып, ал таза чыкты

Коронавирус: «Diamond Princess» лайнериндеги кыргызстандыктан кошумча анализ алынып, ал таза чыкты

Diamond Princess лайнериндеги кыргыз жаранынын анализи таза чыкты. Бул тууралуу 2-мартта кыргыз өкмөтүндө өткөн жыйында Тышкы иштер министрлигинин өкүлү билдирди.

Кемедеги кыргызстандыктан экинчи жолу анализ алганда, анда коронавирус жок экени аныкталды. Мекендешибиз ооруканадан чыкты, ал азыр Токио шаарында”, - деп айтылат маалыматта.

Ал буга чейин берген маегинде Кыргызстанга азырынча кайтып келбестигин айткан. 

Эске салсак, мурдаарак Жапониядагы кыргызстандык коронавируска чалдыкты деген маалымат тарап, бирок ал жаран илдетти жугузгандыгын четке каккан.