13.03.2020 11:34

Коронавирус: Германиядан келген депутаттар өкмөттүн талабын тоошошкон жок

Коронавирус: Германиядан келген депутаттар өкмөттүн талабын тоошошкон жок

Кыргызстандын өкмөтү коронавируска байланыштуу чет өлкөдөн келгендерди 3 топко бөлдү. Ага ылайык, сырт жактан келген жарандар статусуна карабастан, карапайым же аткаминер болобу, сөзсүз түрдө өкмөт иштеп чыккан эрежеге ылайык, текшерүүдөн өтүп, тартипти сакташы керек.

  • 1-топ: Кытай, Италия, Иран, Корея, Франция, Германия жана Испаниядан келгендер милдеттүү түрдө 14 күндүк карантинге атайын бөлүнгөн жайга жаткырылат. Статуска каралбайт. Катардагы жарандар менен бирге аткаминер жана башка бийик кызматтагылар обсервациядан өтүшү шарт.
  • 2-топ: АКШ, Япония, Швеция, Швейцария, Улуу Британия, Бельгия, Нидерланддан келгендер. Булар карантинден үйдө жатып өтүшөт. Бирок шартты бузган маалда КР жазык кодексине ылайык жоопко тартылышат.
  • 3-топ: Сингапур, Австрия, Дания, Гонконг, Малайзия, Таиланд, Индия, Бахрейн, Австралия, Греция, Канада, Ирак, БАЭ, Кувейт, Ирак, Египет, Ливан, Катар, Сауд Аравиядан кайткандар. 14 күндүн ичинде көчөгө көп чыкпай, министрлик көрсөткөн тартип менен жашаган жери боюнча текшерүүдөн өтүп турат.

Кызыгы, өкмөт чыгарган бул тартипти Жогорку Кеңештин депутаттары тоошошкон жок. Анткени парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева менен депутат Абдыбек Дүйшалиев Германияда иш сапарда болушкан. Бирок депутаттар кайтып келгенден кийин коронавируска анализ тапшырып, экөө тең үйдө дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.

Болбосо, Германиядан келгендер статусуна карабастан 14 күндүк милдеттүү өзүнчө бөлүнгөн жайда карантинге жатышы керек эле.

Бүгүнкү күнгө коронавирус 116 өлкөгө жайылып, Кытайдан сырткары 47,3 миң адамга жукту. Жалпы дүйнө боюнча 128 миң 343 адамга коронавирус менен ооруса, 4 миң 720 адам набыт болду.