23.03.2020 09:00

Коронавирус: Германиянын канцлери Ангела Меркель карантинге алынды

Коронавирус: Германиянын канцлери Ангела Меркель карантинге алынды

Германиянын канцлери Ангела Меркел жекшембиден тартып үй карантинине алынды. Бул тууралуу өкмөттүн расмий өкүлү Штеффен Зайберт билдирди.

Маалыматка караганда, канцлер аны эмдеген дарыгерден коронавирус табылганын билгенден кийин ушундай чечим кабыл алган. Меркел дарыгерде эки күн мурда болгон.

“Германиянын канцлери Ангела Меркел алдыдагы күндөрдө коронавируска тест тапшырып турат. Ал өз милдетин карантинде аткара бермекчи”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк салматтык сактоо уюмунун маалыматтарына ылайык, 2020-ж. 23-мартка карата дүйнөнүн 187 өлкөсүндө коронавируска чалдыккан 294 110 учур тууралуу маалым болду. 12 944 өлүм учуру катталды. Оорулуулардын эӊ көп саны Кытайда (81 499), Италияда (53 578), Испанияда (24 926), Иранда (21 638) жана Германияда (21 463) катталган. Ошондой эле РФте – 367, Казакстанда –59, Өзбекстанда – 42, Кыргызстанда – 14 учур аныкталды.