19.03.2020 15:39

Коронавирус: Илдет Казакстанда 44 кишиден табылса, Москвада бир адам көз жумду

Коронавирус: Илдет Казакстанда 44 кишиден табылса, Москвада бир адам көз жумду

Бүгүн, 19-мартта Нур-Султанда коронавируска чалдыккандардын саны жети кишиге көбөйдү. Бул тууралуу Казактсандын саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Акыркы маалыматтарга караганда, бардыгы болуп бул инфекциянын 44 учуру аныкталды. Анын ичинен Алматы шаарына - 19 жана Нур-Султан шаарына - 25 факты туура келет.

Ушул эле күнү дарыгерлер 12-мартта Краснодардан Москва аркылуу Алматыга учуп келген кишиден коронавирус табылганын маалымдашкан.

Жергиликтүү кабар агенттиктери вирусту өлкө сыртында жана өлкө ичинде жугузуп алгандар бар экенин жазышууда.

19-марттан тартып Нур-Султан жана Алматы шаарларында инфекциянын жайылышынын алдын алыш үчүн карантин киргизилген.

Кошуна өлкөдө бул илдет алгач катталганы тууралуу маалымат 13-мартта чыккан. 16-мартта бир айга өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Ал ортодо Москвада коронавирусту жуктурган бейтап каза болгонун ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Аталган шаардын оперативдүү штабынан билдиришкендей, буга чейин кемпир бир катар өнөкөт оорулары менен ооруп келген. 79 жаштагы аял 13-мартта ооруканага жеткирилген. Ооруканада каза болгон бейтап бир катар өнөкөт ооруларынан жапа чегип келгени айтылат.