Коронавирус илдетинен эки адам көз жумду

Коронавирус илдетинен эки адам көз жумду

Өткөн сутканын ичинде эки адам COVID-19 оорусунан каза тапты. Бул тууралуу коронавирус илдетине каршы туруу боюнча республикалык штаб билдирди.

“55 жаштагы эркек киши Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында жана 84 жаштагы аял киши Нарын облусунда”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан оорудан 14 адам көз жумду.

Бүгүн, 15-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 29 учуру катталды.

  • Бишкек ш. – 6
  • Чуй облусу - 4
  • Ош ш. - 4
  • Ош облусу - 1
  • Жалал-Абад облусу - 2
  • Нарын облусу - 11
  • Ысык-Көл облусу – 1

Бүгүнкү күндө республика боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 1111 киши болду.