Коронавирус: Илдетке чалдыккандардын үчөө жаш балдар

Коронавирус: Илдетке чалдыккандардын үчөө жаш балдар

Кыргызстанда сovid-19 вирусу эки жаш баладан аныкталды. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирет.

Алардын маалыматында, вируска шектелип жаккырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар. Алардын бирөөсүнөн  коронавирус инфекциясы аныкталды.

Андан тышкары, 6 жаштагы жана 14 жаштагы өспүрүмдөн вирус табылды. 

Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардынт саны жалпысынан 42 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Толо Исаков маалымдады.