29.03.2020 11:17

Коронавирус: Илдеттен көз жумгандарды жерге берүү жөрөлгөсү айтылды

Коронавирус: Илдеттен көз жумгандарды жерге берүү жөрөлгөсү айтылды

Коронавирустан каза болгон адамдын сөөгүн жерге узатуу тартиби иштелип чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, набыт болгон бейтапты жерге берүүдө санитардык нормаларды так сактоо керек.

Маалыматка ылайык, дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын саны өсүүдө, ошол эле учурда каза болгон учурлар дагы аз эмес. Мындан улам COVID-19 илдетинен көз жумган учурда башкаларга залал тийгизбестен жерге берүү маселеси каралган.

«Санитардык дарыгерлер койгон талаптарды так аткарып, дезинфекциялоо жана жеке гигиена нормаларын сактоо зарыл», —деп айтылат маалыматта.

Иштелип чыккан эрежелер Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен макулдашылган. Анда өлкөнүн мусулман бөлүгүнүн ырым-жырымдары эске алынган.

Белгилей кетсек, муфтият жаназага көп адам чогулпай, эң жакын адамдары менен гана жерге берүүнү сунуштаган.

«Коронавирус инфекциясы чума, холера, күйдүргү сыяктуу оор инфекция эмес. Бирок, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен муфтияттын талаптарын аткаруу керек. Ага ылайык, анын ичинде карантиндин талаптарына ылайык, колкап, беткап кийүү зарыл», — дейт мекеме. 

Министрлик коронавирус кара тумоо, холера, күйдүргү сымал кооптуу инфекция эмес экенин, ошентсе да тазалыкты сактап, коргонуу зарыл экенин белгилейт.