Коронавирус: Илдетти аныктоочу тесттен баардык эле жарандар өтө бербейт

Коронавирус: Илдетти аныктоочу тесттен баардык эле жарандар өтө бербейт

Коронавирус илдети боюнча ыкчам тесттен бардык эле жарандар өтө алышпайт. Бул тууралуу илдетке каршы туруу боюнча түзүлгөн республикалык штаб билдирет.

“Оорунун белгилери (ысык дене табы, кургак жөтөлү) жок жана ооругандар менен байланышта болбогон адамдар эскпресс-тесттерин тапшыра албайт”, - деп айтылат маалыматта.  

22-мартта Кыргызстан 5000 экспресс-тест сатып алган. Алар коронавирустун бар-жогун мурдагыдай 5 саатта эмес, 15-20 минута ичинде аныктайт.

Тест-системаларынын көбү Жалал-Абад облусуна жөнөтүлгөн.

23-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы адамдар катталган жок. COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны 14 киши боюнча турат. Алар - 6 эркек, 8 аял. 12 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинге алынды.

Кыргыз өкмөтү 22-марттан тартып өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизди. Бул режим бир айлык мөөнөткө уланат. 

Белгилей кетсек, дүйнөлүк салматтык сактоо уюмунун маалыматтарына ылайык, 2020-ж. 23-мартка карата дүйнөнүн 187 өлкөсүндө коронавируска чалдыккан 294 110 учур тууралуу маалым болду. 12 944 өлүм учуру катталды. Оорулуулардын эӊ көп саны Кытайда (81 499), Италияда (53 578), Испанияда (24 926), Иранда (21 638) жана Германияда (21 463) катталган.
Ошондой эле РФте – 367, Казакстанда –59, Өзбекстанда – 42 учур аныкталды.