Коронавирус: Илдеттин жаңы аныкталган учурлары Ош шаары жана Жалал-Абадда катталды

Коронавирус: Илдеттин жаңы аныкталган учурлары Ош шаары жана Жалал-Абадда катталды

Коронавируска чалдыккандардын көбүнчөсү Сузак жана Ноокат районундарында катталды. Бул тууралуу аталган илдетке каршы туруу боюнча түзүлгөн республикалык штаб билдирди.

Маалыматка караганда, жаӊы аныкталган 26 учур төмөндөгү район-шаарлардын аймактарында аныкталган:

  • Сузак районунда – 9
  • Ала-Бука районунда – 2
  • Ош ш. – 8
  • Кара-Суу районунда – 1
  • Ноокат районунда – 6

Бардыгы болуп Ош облусунда – 15 учур жана Жалал-Абад облусунда – 11 учур.

2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды.