Коронавирус инфекциясынан 25 бейтап айыкты

Коронавирус инфекциясынан 25 бейтап айыкты

Өлкө боюнча стационарлардан жалпы 25 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып, үйүнө чыгарылды. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифингде  билдирди.

“Бүгүн Жалал-Абад облустук ооруканадан дагы 10 бейтапты чыгаруу пландалууда”, -дейт Абдикаримов.

Белгилей кетсек, 8-апрелге карата өлкөдө  коронавируска кабылган  бейтаптардын жалпы саны 270 адамга жетти.

Өлкөдө  COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.