Коронавирус: Ысык-Көл облусунан умрага 12 киши барып келген

Коронавирус: Ысык-Көл облусунан умрага 12 киши барып келген

Ысык-Көл облусунан умрага 26-февралдан 10-мартка чейин 12 киши барып келгени аныкталды. Алардын үчөө Каракол шаарынан, алтоо Жети-Өгүз районунан, экөө Түп районунан барышкан.

Облустук казыяттын маалыматына караганда, учурда умра сапарына баргандар дагы такталып жатат.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жугузган үч адам аныкталды. Алар Сауд Арабиясына умрага барып келгендер экени такталды. 

Эске салсак, 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан келишкен жарандардын үчөөнөн илдет аныкталган.

Алар — 70, 62, 42 жаштагы Сауд Арабиясында умра сапарына барып келген эркек кишилер. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу штабынын 18-марттагы чукул жыйынында кабарланды.

Өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон COVID-19 деп аталган, өпкөнү сезгентүүчү оору үч ай ичинде дүйнөнү каптап, 7 миңден ашуун адам оорудан көз жумду. 180 миңден ашуун киши ооруга чалдыкты.

Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен коронавирус өткөн аптанын соңунда Казакстанда жана Өзбекстанда катталган.