Коронавирус: Ысык-Көл облусунун чет өлкөдөн келген 8 тургуну карантиндин шарттарын аткарышкан эмес

Коронавирус: Ысык-Көл облусунун чет өлкөдөн келген 8 тургуну карантиндин шарттарын аткарышкан эмес

Ысык-Көл облусунун үй карантинине жөнөтүлгөн 8 тургуну тартипти сактаган эмес. Бул тууралуу Республикалык штаб бүгүн, 1-апрелде маалымдады.

Маалыматка караганда, үй карантинин сактабаган Түп районунун Ысык-Көл айылынын чет өлкөлөрдөн кайтып келген 8 тургуну милдеттүү түрдө обсервацияга алынды.

“Алар үй карантиндин шарттарын бузгандыгы үчүн коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында облустук ыкчам штабынын чечими менен жалпы айыл эли изоляцияга алынды”, - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле маалда 8 тургун кайсы өлкөдөн келишкендери тууралуу азырынча маалымат берише элек.

Эске салсак, күн мурун, 31-мартта бардыгы болуп коронавирус илдетин жуктургандардын саны 107 кишиге жетти. Ичинен эки жаран Ысык-Көл облусунун тургундары.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды.