03.05.2020 16:38

Коронавирус: Ысык-Көлдүн тургундарына аймактан чыгууга тыюуу салынды

Коронавирус: Ысык-Көлдүн тургундарына аймактан чыгууга тыюуу салынды

4-майдан баштап Ысык-Көл облусунун тургундарына башка аймактарга барууга тыйуу салынат. Мындай чечим бүгүн, 3-майда, облустук ыкчам штабынын отурумунда кабыл алынды.

Ыкчам штабтын маалыматында, аймак тургундары жүйөлүү себептер менен башка региондорго барууга, райондук мамлекеттик администрациялардын жана Каракол, Балыкчы шаардык мэриялар тарабынан берилген өткөрмө уруксат кагаздарынын негизинде чыга алышат.

Кайра облус аймагына кирген учурда, жарандар милдеттүү түрдө экспесс-тест же ПЦР анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалымдамасынын негизинде кирет жана 14 - күндүк үй карантинине алынат. Бул шарттар Ысык-Көл облусунун аймагына кире турган адамдардын баардыгына тиешелүү”, - деп айтылат маалыматта.

Облустук ыкчам штаб бул шарттарга түшүнүү менен кабыл алып, өзгөчө кырдаал режиминин шарттарын сактоого чакырат.

Учурда бүткүл өлкө боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 795 кишиге жетти. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 564 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 10 киши илдеттен көз жумду. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 207 учур катталды, алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Апрель айынын соңунда өзгөчө абал режимин 10-майга чейин узартуу чечими кабылданган.