Коронавирус: Ысык-Көлдө бардык эс алуучу жайлар жабылды

Коронавирус: Ысык-Көлдө бардык эс алуучу жайлар жабылды

Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөр карантинге жабылат. Мындай чечим коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу боюнча облустук штабдын бүгүнкү отурумунда кабыл алынды.

“Облустун аймагында коронавирустун жайылып кетүү жана жуктуруу тобокелчиликтерин азайтуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын сакташыбыз керек”, - деп билдирди
Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүү Акылбек Осмоналиев.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл дубанында 127 пансионат, 192 эс алуу үйү, 119 мейманкана, 12 эс алуу борбору, 3 реабилитациялык борбор жана 19 балдар эс алуу лагери иштейт.

Эске салсак, бүгүн, 20-мартта Ош облусунун Ноокат районунда дагы үч адамдан коронавирустун белгилери аныкталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алар 67, 71 жана 77 жашта.

18-мартта Сузак районунда, 20-мартта Ноокатта өзгөчө абал жарыяланды. 

Эске сала кетсек, буга чейин 18-мартта Кыргызстанда 3 жарандан коронавирустун симптомдору аныкталган.

Алтоонун тең абалы канааттандырарлык. Баары Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгени аныкталды.