28.03.2020 12:05

Коронавирус: Каракол шаарында катаал чаралар көрүлүүдө

Коронавирус: Каракол шаарында катаал чаралар көрүлүүдө

Каракол шаарынын башчылыгы жарандардын жана транспорттун кыймылына кескин чектөө киргизди. Бул тууралуу жарандык активист Алена Хоменко өзүнүн Facebook-баракчасына жазып чыкты.

Анын маалыматына караганда, шаардын тегерек-четине кошумча блок-посттор орнотулган. Тагыраагы, Тельман/Кравцов, Токтогул/Кравцов, Токтогул/Абдрахманов, Пржевальский/Куренкеев көчөлөрүнүн кесилиштери жабылган.

"Шаарды тегерете жабып чыгышты. Уруксаат кагаздары менен гана өткөрүп жатышат. Шаардагы тургундарга көчөгө көп чыкпашы үчүн түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Шаардын жана облустун бийлиги илдеттин Каракол шаарына жетпеши үчүн бардык чараларды көрүп жатышат", - дейт Алена Хоменко.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны – 58ге жетти. Ичинен Жала-Абадда – 27 учур. Ошто – 26. Бишкекте 4 киши жана Баткенде бир учур катталган.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.