Коронавирус: Караколдо коомдук транспорт токтотулууда

Коронавирус: Караколдо коомдук транспорт токтотулууда

Коронавирус коркунучунан улам Каракол шаарында коомдук транспорт токтотулат. Бул тууралуу илдетти алдын алуу боюнча республикалык штаб кабарлайт.

1. Каракол ш. ичиндеги жана райондор аралык маршруттук каттамдардын ишмердүүлүгү токтотулсун;
2. “Макиш” базарындагы азык-түлүк катарларынан башка бардык базарлар жана соода түйүндөрү жабылсын, көрсөтүлгөн жайларда дезинфекция иштери өткөрүлсүн;
3. 20 орунга чейинки коомдук тамактануу жайларынын иштөө убактысы 19-00гө чейин кыскартылсын, 20 орундан жогору кафе, ашканалар жабылсын.

Мындан сырткары, Ысык-Көл облусунун кире беришине кошумча посттор орнотулат. Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Акылбек Осмоналиевдин айтымында, мындай чара аймакта жугуштуу илдет жайылып кетпеш үчүн көрүлүүдө.

“Көзөмөл постунда дарыгер, милиция жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери турушат. Балыкчы-Бишкек жана Балыкчы-Нарын жолдорунан өткөн адамдарды текшерип, коронавирустун белгиси бар адамдарды аныктап турмакчы. Мындан сырткары Каракол-Бишкек жана Балыкчы-Нарын каттамындагы таксилердин саны кыскартылды”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле облус аймагындагы азык-түлүк базарларынан башка базарлар убактылуу жабылды.

Дүйнөдө тарап жаткан коронавирус илдети Кыргызстандагы 12 адамда аныкталды. Буга байланыштуу вирустун белгилери табылган адамдар жашаган Сузак жана Ноокат райондорунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Учурда дүйнө боюнча COVID-19 вирусун 265 миңден ашык адам жугузуп алган. Алардын ичинен 11 миңден ашыгы каза болду. Ал эми 90 миң адам айыгып чыккан.