18.03.2020 17:19

Коронавирус: Караколдогу саясий партиялар шайлоону жылдыра турууну өтүнүштү

Коронавирус: Караколдогу саясий партиялар шайлоону жылдыра турууну өтүнүштү

Жергиликтүү кеңештерге карата шайлоону жылдыра турууну Каракол шаарындагы саясий партиялардын өкүлдөрү өтүнүштү. Каракол шаарындагы 14 саясий партия кайрылуусун аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүштү. Бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы Facebook-баракчасына “Табылга” партиясынан Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтбаев жазып чыкты.

Ал муну менен бирге башка дагы шаарлардын саясий партияларын ушундай өтүнүч менен кайрылууга чакырган.

Белгилей кетсек, бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Акылбек Жапаров жана Ирина Карамушкина шайлоону жылдыруу маселесин көтөрүп, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу чечим чыгарышы керек экенин белгилеген.

Бирок БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо белгиленген мөөнөттө өткөрүлөрүн, жугуштуу илдеттин алдын алыш үчүн БШК бир катар чараларды иштеп чыгарын күн мурун, 17-мартта билдирген.

Ушул тапта Кыргызстанда беш шаардык, 25 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышууда. Шайлоого карата үгүт иштери 13-мартта башталган, добуш берүү 12-апрелде болот.