28.03.2020 11:51

Коронавирус: Кайрымдуулук катары чегерилген каражаттын суммасы 50 миллион сомго чамалады

Коронавирус: Кайрымдуулук катары чегерилген каражаттын суммасы 50 миллион сомго чамалады

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча административдик эсепке 49,5 млн сом келип түштү. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт. Анын суммасы 50 миллион сомго чамалады.

“27-мартка карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган административдик эсепке жалпысынан 49 млн 520 миң 447 сом акча каражаттар түштү”, - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны – 58ге жетти.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.