Коронавирус: Казак бийлиги өзгөчө абал маалында кирешеси жок калган жарандарга жөлөк пул төлөйт

Коронавирус: Казак бийлиги өзгөчө абал маалында кирешеси жок калган жарандарга жөлөк пул төлөйт

Казак бийлиги өзгөчө абал маалында кирешеси жок калган жарандарга жөлөк пул төлөйт. Бул тууралуу 23-мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 16-мартта киргизилген өзгөчө абал жана Нур-Султан менен Алматынын толугу менен жабылышы 500 миңдей кишинин каржы абалына терс таасирин тийгизүүдө.

«Буга байланыштуу өзгөчө абал учурунда кирешелеринен ажыраган жарандарга бул аралыкта ай сайын бир минималдык айлык акы өлчөмүндө (94 доллар) жөлөк пул чегерүүнү тапшырам”, – деген Токаев.

Токаев зарыл болгон учурда сумманы көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Казакстанда коронавирус инфекциясын 62 киши жугузуп алган.