Коронавирус: Казаксандын эки ири шаары карантинге жабылууда

Коронавирус: Казаксандын эки ири шаары карантинге жабылууда

Алмата жана Нур-Султан шаарларына карантинге жабылды. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Казакстандын эки ири шаарынын кире беришине 27 өтмөк посттор орнотулат.

«Өтмөк постторго полициянын кайгуул полкунун күчтөрү, ыкчам аракеттеги атайын курамы, Улуттук гвардия жана коргоо министрлигинин бөлүмдөрү жайгаштырылды. Ошондой эле шаарга керектелүүчү каражаттарды, азык-түлүк, дары-дармек, гигиена жана коргонуу зарылчылыгын киргизүү үчүн «жашыл өтмөк» ачылат», — дейт Алматы шаарынын акими Бакытжан Сагынтаев.

Көчөлөр жана тротуарларлар дезинфекцияланат. Алматы шаарына кирип же чыгып кетүүгө жарандарга 72 саат убакыт берилди.

Эске сала кетсек, Казастандын Алматы жана Нур-Султан шаарларында коронавируска чалдыккандардын саны өсүүдө.