Коронавирус: Казакстанда экинчи бейтап көз жумду

Коронавирус: Казакстанда экинчи бейтап көз жумду

Казакстанда коронавирустан экинчи адам көз жумду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн саламаттык сактоо башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка караганда, каза болгон бейтап Нур-Султан шаарындагы ооруканада дарыланып жаткан..

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Сауле Кисикованын айтымында, 50 жаштагы бейтап ооруканага 21-мартта жаткырылган.

«Бейтап бир ай ооруп жүргөн. Жумушуна байланыштуу иш сапарларга көп чыккандыктан, медициналык жардам сурап кайрылган эмес. Азыр аны менен байланышта болгон 31 адам ооруканага жаткырылды. Дагы 50 киши карантинге алынды», — деди Кисикова.

Ал каза болгон бейтаптын эки үй-бүлө мүчөсү коронавирус жуктуруп алганы аныкталганын кошумчалады.

26-мартта Казакстанда коронавирустан алгачкы бейтап каза болгону кабарланган. Акмоло облусунун 64 жаштагы тургуну Нур-Султандагы облустук ооруканага которулгандан кийин көз жумган.

Бүгүнкү күндө Казакстанда 325 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын 175и Нур-Султанда, 82си Алматыда, экөө Чымкентте катталган. Мындан тышкары өлкөнүн дагы 12 аймагында вирус жуктургандар аныкталды.