Коронавирус: Казакстандын аймагында камалып калган кыргыз жарандары жакында мекенине кайтышат

Коронавирус: Казакстандын аймагында камалып калган кыргыз жарандары жакында мекенине кайтышат

Казакстанда камалып калган кыргызстандык туристтер мекенине кайтышат. Бул тууралуу республикалык штаб билдирет.

Маалыматка караганда, 160 кыргыз жараны 19-22-март күндөрү Казакстандын Алматы шаарынан алынып келет.

Эске салсак, алар турист катары эс алууга чыгышып, коронавирустан улам киргизилген чектөөлөрдүн айынан Казакстандын аймагында камалып калышкан.

Учурда тизме түзүлүп, кыргыз жарандарын алып келүү боюнча иштер каралып жатканы айтылат. Мындан сырткары өкмөт башка мамлекеттерде калып, Кыргызстанга келе албай жаткан жарандардын маселеси боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдады.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Нур-Султанда коронавируска чалдыккан дагы жети киши катталды. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 19-мартта билдиргендей, бардыгы болуп бул инфекциянын 44 учуру аныкталды. Ал ортодо Москвада коронавирустан бир адам көз жумду.