16.03.2020 11:17

Коронавирус: Кыргыз өкмөтү 800 миллион сомго буудай сатып алат

Коронавирус: Кыргыз өкмөтү 800 миллион сомго буудай сатып алат

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда буудай сатып алууга 800 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөргөн өкмөттөгү брифингде белгилүү болду.

Маалыматка караганда, өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун сактоо максатында 800 миллион сомго дан азыктары сатып алынат. Ичинен 400 миллиону өлкө бюджетинен бөлүнсө, 200 миллион сомун РСК жана «Айыл банк» бөлмөкчү.

Мындан сырткары өкмөт башчы азык-түлүктөрдүн баасы кескин жогорулап кетпеши үчүн базардагы баа саясаты тынымсыз тескелип тураарын бышыктады. Айтымында ун, шекер баштаган 11 өнүмдүн баасы аныкталат жана андан жогору көтөрүлбөйт.

Белгилей кетсек, Абылгазиев учурда өлкөнүн материалдык резервдер фондунда 60 миң тонна дан сакталып тургандыгын кошумчалады.