18.02.2020 16:27

Коронавирус: Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү

Коронавирус: Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү

Коронавирустун жайылышына каршы аракеттерди колдоо иретинде Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жалпысынан жети тоннанын тегерегиндеги жүк «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө бекетине чейин жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жүк Кытай тараптын суроо-талабына ылайык даярдалды (антисептикалык жана зыянсыздандыруучу, жеке коргоочу медициналык каражаттар).

Соңку маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирусту жугузгандардын саны 72 миң кишиге жетти. Вирустан 1868 адам каза болду. Андан тышкары вирусту жугузуп алган 12 миңден ашык киши айыкты.