27.02.2020 12:07

Коронавирус: Кыргызстанда беткап жетиштүүбү?

Коронавирус: Кыргызстанда беткап жетиштүүбү?

Кырнеттин колдонуучулары дарыканаларда медициналык беткап жок калды деп жапырт кабатыр болушууда.

Бул себептүү «Апрель» телеканалынын кабарчысы саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабы менен байланышка чыкты. Маалыматка караганда, беткаптардын жетишсиздиги айрым жерлерде гана байкалууда.

 «Кампаларда запас бар. Такыр эле түгөнүп калды деп айтууга болбойт. Биз Бишкектеги бардык дарыканаларга көз салып турабыз. Кээ бир жайларда эле жок болбосо, беткаптар жетиштүү. Алсак, кун мурун мониторинг жүргүзсөк, аптекаларда беткаптар ачык эле коюлуп, сатылууда турат», - деп билдирет штабдын кызматкерлери.

Ведомство билдиргендей, бүткүл ооруканаларда ак халатчандар карантиндин эрежелерин сактап, беткап кийип иштешүүдө.  

«Учурда абал туруктуу. Кооптуу жагдай жок», - дейт штаб өкүлү.

Анын үстүнө дары-дармектердин баасы кескин көтөрүлүп кетпеши үчүн дагы мониторинг тынымсыз жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты. Айтымдарында айрым жеке менчик дарыканалар баасы көтөрүп жиберген учурлар катталууда.