Коронавирус: Кыргызстанда дагы эки учур катталып, илдетке чалдыккандардын жалпы саны 44кө жетти

Коронавирус: Кыргызстанда дагы эки учур катталып, илдетке чалдыккандардын  жалпы саны 44кө жетти

Коронавируска чалдыккандардын саны 44кө жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 25-мартта саат 15:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 2 жаӊы учуру катталды. Бирөөсү – 1960-ж.т. эркек киши Бишкек ш. (байланышта болгон), бирөөсү – 1985-ж.т. эркек киши Чүй облусун Москва районунда (Дубайдан келген).

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен:

  • Ош облусунда – 20 учур
  • Жалал-Абад облусунда – 19 учур
  • Бишкек ш. – 3 учур
  • Чүй облусунда – 1 учур
  • Баткен облусунда – 1 учур

Бүгүн, 25-мартта Кыргызстанда өзгөчө абал саат 8:00дөн тартып күчүнө кирди. Ага ылайык, Бишкек шаарында 15 санитардык-өткөрмө пункт тургузулуп, шаар аймагына кирип-чыгууга чектөө киргизилди.

Ошондой эле Бишкектен сырткары Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 24-мартта кол коюп, аны парламент толук колдоду.