Коронавирус: Кыргызстанда эл аралык аба каттамдары токтотулду

Коронавирус: Кыргызстанда эл аралык аба каттамдары токтотулду

Бишкек жана Ош аэропортторунда эл аралдык каттамдар токтотулду. Бул коронавирустун жаңы учурларын алдын алуу максатында кабыл алынган чечим экенин республикалык штаб түшүндүрдү.

Ага ылайык 20-марттан тартып Бишкек жана Ош шаарларынан учуучу бардык эл аралык каттамдар токтойт. Бирок Москва-Бишкек, Москва-Ош, Новосибирск-Бишкек багытындагы каттамдарга жумасына бир жолудан учуп-конууга уруксат берилди.

Штабдын бул чечимин Транспорт министрлиги чет элдик жана жергиликтүү авиакомпанияларга маалымдоого милдеттүү.