Коронавирус: Кыргызстанда илдетке чалдыккан бир бейтап реанимацияда жатат

Коронавирус: Кыргызстанда илдетке чалдыккан бир бейтап реанимацияда жатат

Коронавируска чалдыкан бир кыргызстандык реанимацияда жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Бүгүн, 23-мартта Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдын басма сөз жыйынында өтүп, анда 71 жаштагы бейтаптын оң жак өпкөсү сезгенип реанимацияда жатканы белгилүү болду.

«Эки бейтаптын абалы орточо оор деп бааланган. Бүгүн 1949-жылы туулган эркек киши реанимация бөлүмүнө которулду. Анын оң жак өпкөсү сезгенип, бардык тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Калгандары да тийиштүү дарыларды алып жатат. Алардын абалы канааттандырарлык», - деди Акматова.

23-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы адамдар катталган жок. COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны 14 киши боюнча турат. Алар - 6 эркек, 8 аял. 12 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинге алынды.

Кыргыз өкмөтү 22-марттан тартып өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизди. Бул режим бир айлык мөөнөткө уланат. 

Белгилей кетсек, дүйнөлүк салматтык сактоо уюмунун маалыматтарына ылайык, 2020-ж. 23-мартка карата дүйнөнүн 187 өлкөсүндө коронавируска чалдыккан 294 110 учур тууралуу маалым болду. 12 944 өлүм учуру катталды. Оорулуулардын эӊ көп саны Кытайда (81 499), Италияда (53 578), Испанияда (24 926), Иранда (21 638) жана Германияда (21 463) катталган. Ошондой эле РФте – 367, Казакстанда –59, Өзбекстанда – 42 учур аныкталды.