Коронавирус: Кыргызстанда илдетке чалдыккан үч адам менен умрадан бирге келген 135 жүргүнчү обсервацияга алынды

Коронавирус: Кыргызстанда илдетке чалдыккан үч адам менен умрадан бирге келген 135 жүргүнчү обсервацияга алынды

Сузакта коронавирус жукканы аныкталган үч адам менен Сауд Арабиясынан бир учакта чогуу учуп келген 135 жүргүнчүнүн баары табылып, обсервацияга алынды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

«Табылган 135 адам изоляцияга алынып, баарынан анализдер алынды», — деди министрдин орун басары.

Умрадан келгендер менен байланышта болгон 300 адам да медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

Исаков кошумчалагандай, умрага барып келген кыргызстандыктардын жалпы саны миңге жакын адам. Алардын 75% ким экени такталып, үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат. Калган 30% боюнча тактоо иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Сузак районунда (Жалал-Абад облусунда) үч адамда коронавирус аныкталган. Алар 12-март күнү Сауд Арабиясынан келишкен – ал күнү жалпы 135 киши учуп келген. Мындан улам Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.