Коронавирус: Кыргызстанда илдетке чалдыккан үч киши менен бирге дагы 90дон ашуун адам обсервацияга алынды

Коронавирус: Кыргызстанда илдетке чалдыккан үч киши менен бирге дагы 90дон ашуун адам обсервацияга алынды

Кыргызстанда 90дон ашуун адам обсервацияга жаткырылды. Алар коронавируска чалдыккан үч адам менен байланышта болушкан.

Маалыматка караганда, обсервацияга алынгандар Шаржадан бир учакта чогуу учуп келгендер.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус 70, 62, 43 жаштагы үч кишиден аныкталган. Алар Сауд Арабиясында Умра сапарына барып келгендер.

Космосбек Чолпонбаев кыргызстандыктарды ооруну алдын алуучу бардык чараларды көрүп, ар ким өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгына жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Пандемиялык кырдаалдан улам мажбур каникулга таратылган балдарды эл көп чогулган жерлерден оолак кармоо зарылчылыгы тууралуу эскертти.

Өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон COVID-19 деп аталган, өпкөнү сезгентүүчү оору үч ай ичинде дүйнөнү каптап, 7 миңден ашуун адам оорудан көз жумду. 180 миңден ашуун киши ооруга чалдыкты.

Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен коронавирус өткөн аптанын соңунда Казакстанда жана Өзбекстанда катталган.