Коронавирус: Кыргызстанда илдетке чалдыккандардын саны 42 кишиге жетти

Коронавирус: Кыргызстанда илдетке чалдыккандардын саны 42 кишиге жетти

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардынт саны 42 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Толо Исаков маалымдады.

Бүгүн, 24-мартта Республикалык штабда коронавирус боюнча өлкөдө болуп жаткан учурдагы абал тууралуу маалымат жыйыны өттү.

2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды. Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан:

  • Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада
  • Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында
  • Ноокат аймактык ооруканасында
  • Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында
  • Баткен облустук бириккен ооруканасында

Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.
Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).

Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды;

  • 6 жаштагы 1 балада – коронавирус инфекциясы аныкталды;
  • 14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды;
  • Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.