Коронавирус: Кыргызстанда илдетке чалдыккандардын саны 6 кишиге жетти

Коронавирус: Кыргызстанда илдетке чалдыккандардын саны 6 кишиге жетти

Кыргызстанда коронавирустун жаңы үч учуру катталды. Бул тууралуу 20-марттагы басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кабарлады. Анын айтымында, ооруга чалдыккандар Ноокат районунан аныкталган. Алар да Сауд Арабиясына умрага барып келген.

Кыргызстанда коронавируска үч киши чалдыкканы тууралуу алгачкы маалымат 18-мартта кабарланган. Ага ылайык, үчөө тең Сауд Арабиясынан кичи ажылыкка барып, 12-мартта Шаржа-Бишкек каттамы менен кайтып келишкен.

Бул үчөө менен чогуу бир учакта келген 142 адамдын баары аныкталып, обсервацияга жаткырылган. Алардан тышкары дагы чет өлкөлөрдөн келген 386 адам обсервацияда экенин коронавирустун алдын алуу штабы маалымдаган.

Коронавирус аныкталган адамдардын кичи мекени болгон Сузак районундагы Благовещенка, Орто Азия жана Бостон айылдарында өзгөчө кырдаал киргизилген.

Декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында башталган коронавирус илдети тездик менен дүйнөгө тарап, үч айдын ичинде дээрлик он миң кишинин өмүрүн жалмады. 20-мартка карата оору дүйнөнүн 156 өлкөсүндө катталды. Акыркы суткада илдеттен 997 киши жарык дүйнө менен кош айтышты.