Коронавирус: Кыргызстанда илдетке чалдыккандардын саны бир түндүн ичинде 12 кишиге жетти

Коронавирус: Кыргызстанда илдетке чалдыккандардын саны бир түндүн ичинде 12 кишиге жетти

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 12ге жетти. Бул тууралуу КР саламаттык сактоо министринин орун басары Толо Исаков билдирди.

Бүгүн, 21-мартта эртең мененки саат 9-00гө алынган маалыматка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталды.

“Жаӊы очоктор Баткен (1) жана Сузак (5) райондорунда аныкталды. Бейтаптар изоляцияналып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дарылануу алууда”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, күн мурун, 20-мартта Ош облусунун Ноокат районунда дагы үч адамдан коронавирустун белгилери аныкталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алар 67, 71 жана 77 жашта.

18-мартта Сузак районунда, 20-мартта Ноокатта өзгөчө абал жарыяланды. 

Эске сала кетсек, буга чейин 18-мартта Кыргызстанда 3 жарандан коронавирустун симптомдору аныкталган.

Алтоонун тең абалы канааттандырарлык. Баары Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгени аныкталды.