Коронавирус: Кыргызстанда илдетке чалдыккандардын саны бир түндүн ичинде 12 кишиге жетти
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 12ге жетти. Бул тууралуу КР саламаттык сактоо министринин орун басары Толо Исаков билдирди.
Бүгүн, 21-мартта эртең мененки саат 9-00гө алынган маалыматка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталды.
“Жаӊы очоктор Баткен (1) жана Сузак (5) райондорунда аныкталды. Бейтаптар изоляцияналып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дарылануу алууда”, - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, күн мурун, 20-мартта Ош облусунун Ноокат районунда дагы үч адамдан коронавирустун белгилери аныкталган.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алар 67, 71 жана 77 жашта.
18-мартта Сузак районунда, 20-мартта Ноокатта өзгөчө абал жарыяланды.
Эске сала кетсек, буга чейин 18-мартта Кыргызстанда 3 жарандан коронавирустун симптомдору аныкталган.
Алтоонун тең абалы канааттандырарлык. Баары Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгени аныкталды.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: