Коронавирус: Кыргызстанда илдетке жаңы чалдыккандар катталган жок

Коронавирус: Кыргызстанда илдетке жаңы чалдыккандар катталган жок

Бүгүн, 25-мартта, саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок.Бул тууралуу республикалык штабдын 25-марттагы басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 42 учуру аныкталган, алардын ичинен:

  • Ош облусунда – 20 учур,
  • Жалал-Абад облусунда – 19 учур,
  • Бишкек ш. – 2 учур,
  • Баткен облусунда – 1 учур.

Бейтаптардын эң кичүүсү бир жашка толо элек ымыркай, эң улуусу 86да экени айтылган.

Коронавирусуна чалдыккан бардык бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.Оор абалдагы 71 жаштагы эркек бейтап дагы эле реанимацияда, абалы салыштырмалуу орточо оор.

Обсервацияда 24-мартта 2014 адам жатса, 25-мартка карата 585и калды.

2014 киши үй карантинине чыгарылды. Алардын баары карантиндин шарттарын так сактоого милдеттүү.