Коронавирус: Кыргызстанда илдетти жугузгандардын саны 84 кишиге жетти

Коронавирус: Кыргызстанда илдетти жугузгандардын саны 84 кишиге жетти

Бүгүн, 29-мартта Кыргызстандын аймагында коронавируска чалдыккандардын саны 84 кишиге жетти. Бул тууралуу илдетке каршы туруу боюнча республикалык штаб билдирди.

29-март, саат 12:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 26 жаӊы учур катталды. Ошентип республикада коронавирус инфекциясынан улам ооругандардын саны 58ден 84ге чейин өстү”, - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө коронавирусту жаңы жуктуруп алган 26 учурлар:

  • Чүй облусунда – 2 учур
  • Бишкек шаарында -4 учур
  • Нарын шаарында – 1 учур
  • Ош облусунда – 6 учур
  • Жалал-Абад шаарында – 13 учур

Эске салсак, күн мурун, 28-мартта Кыргызстан боюнча коронавирусту жуктургандардын саны 58 болчу. Алардын басымдуу бөлүгү Ош шаары жана Жалал-Абад облусунда катталган. Ал эми Бишкекте 4 учур, Баткенде 1 киши ооруга чалдыккан.

Белгилей кетсек, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.