29.01.2020 16:06

Коронавирус: Кыргызстанда медициналык беткап жана керектүү дары-дармек жетиштүү

Коронавирус: Кыргызстанда медициналык беткап жана керектүү дары-дармек жетиштүү

Өлкөдө жеке коргонуучу каражаттардын зарыл болгон камы жана вируска каршы дары каражаттары бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Бүгүн, 29-январда короновирустун жайылышына жол бербөө боюнча өкмөттүн штабдык жыйыны өттү.

Ага ылайык, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавируска байланыштуу кырдаал боюнча маалымат берип, коркунучтуу илдет менен катталгандар жок экенин бышыктап, буга байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө негиз болбогонун билдирди.

Министрдин маалыматына караганда, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев дарыканалар тутумунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана баалардын жогорулашын алдын алуу максатында медициналык беткап, тиешелүү дары-дармектердин наркына мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.