Коронавирус: Кыргызстанда медициналык беткаптарды сатууга чектөө киргизүү сунушу айтылды
Саламаттык сактоо министирлиги Кыргызстандагы фармкомпанияларга, дарыканаларга жана дарыкана пункттарына беткапты сатууда чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу аталган мекемеге таянып жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, калкты беткаптар менен бирдей камсыз кылуу максатында, ушундай сунуш кабыл алынган.
Министрлик бир кишиге 20дан ашык беткап сатпоого чакырат.
«Беткапты Орусия, Казакстан жана Кытайдан алып келүү убактылуу токтотулганына байланыштуу, министлик башка мамлекеттерден алып келүүнү кароодо. Учурда Түркия, Корея жана Индия мамлекеттери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Дүйшөмбү күну 500 миң беткап республикага алып келинет. Дарыканаларда медициналык беткаптардын, вируска каршы дарылардын саны жетиштүү.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: